Эмилбек Каптагаев баласын чоң кызматка дайындатты

310

“Кyrgyztoday” сайты Эмилбек Каптагаев уулун жогорку кызматка киргизгени тууралуу маалымат жазды. Текстти эч өзгөрүүсүз беребиз:

“Эмил Каптагаев бир катар “майлуу”, кирешелүү кызматтарда иштеди. Башкалардай болуп эле бир башка ыкмалар менен байыды. Анан калса, көп учурда болбогон кептерди сүйлөп бир топ айныды. Ошентсе да, кошоматка кой эмес, төө союп жүрүп, бийликке катуу жагынды. Жакында ал баласы Кубанычты Чолпон-Атадагы №2-мамлекеттик резиденциясынын директорунун орун басары кылып дайындатууга жетишиптир.

Негизи Кыргызстанда чоң кызматтарга мурунку чоңдор менен байлардын гана балдары, таанышы күчтүүлөр гана барчу болду. Карапайым калктын балдары болсо андай кызматтарга жетпей жээкте кала беришет. Бул жалпы элдин кыжырын келтирген абдан жаман көрүнүштөрдүн бири болуп калды”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь