Якуттар кыргыз мигранттарына кылган мамилесине өкүнүүдө

364

“Nazarnews.kg” сайты өзүнүн баракчасына Якутия эли кыргыз мигранттарына карата жасаган митингине өкүнүп жатканы тууралуу жазып чыгышты. Маалыматты эч өзгөрүүсүз беребиз:

Жакында Якутияда кыргыз жараны “бир кызды зордоду” деген шылтоо менен калың эл пикетке чыгып, кыргыз жарандарын катуу кодулашты эле.

Эми минтип убакыт баарын калыстап, Якуттар ойлонбой кылган иштерине өкүнүп жатканы дайын болду.

Ооба, ар бир нерсенин оң жана терс жагы болору анык. Кыргыз жарандарыбыз ишке чыкпай калып автобустар токтоп, эл маршуруткага батпай жатканы аз келгенсип, кырк рублдик нан сексен рублге чыгып, Якуттардын шаштысы кетип, кысаксы кыргыздардын баркын билип, нааразы болгондор кайра сөздөрүн артка алып, баягы жыргал жашоосун сагынып жатышканы дайын болду.

Бир кезде Казак баурлар дагы чек араны жаба коюшуп, биздин элдин баркын билип өздөрү кыйналганы али эсте. Ошол окуя кайталанып эми минтип Якуттар дагы өкүнүп турган кездери.

Ооба, нан салган, автобус айдаган, арзан азык-түлүк менен камсыз кылган жарандарыбыздын баа-баркы эми билинип, жарандарыбыз ишке чыга баштаганы айтылууда. Андыктан “баарын бир гана убакыт калыстайт” деген кеп да бекер айтылып калган эмес. Айтмакчы биздин эл улуу эл экени ушул эле окуя айгинелеп турбайбы”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь