Казакстандын Кызылорда облусунда Ми-8 аскердик учагы кырсыкка кабылып, 13 адам мерт кетти. Каза тапкан солдаттар аскердик кызматын өтөп жүрүшкөн.
Ми-8 вертолету Казакстандын коргоо министрлигине таандык болгон. Солдаттар караңгыда, катаал шартта учак менен даярдык өтүп жатканы маалыматта айтылат.