Канттагы Россиянын аба базасынын ижарасы жогорулайт(Сүрөт)

253

Россиянын “Кант” аскер аба базасынын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча токтомго ылайык, анын ижара акысы көтөрүлөт. Бул боюнча 2019-жылдын 23-мартында Россия федерациясынын өкмөтүнүн токтомунда айтылат.

Документтеги маалыматка ылайык, кыргыз жерин база үчүн пайдаланууга ижара акысы 4 млн 794 минге барабар болот. Буга чейин ижара акынын суммасы 4,5 млн түзүп келген. Демек төлөм 291,000 өсөт экен.

Эске салсак Кыргызстанда бир нече орус аскер объектилери бар экени белгилүү. Алардын эң ириси- Канттагы аба базасы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь