Борбор калаанын Лев Толстой көчөсүндөгү ремонт иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, оңдоо иштери Кытай грантынын негизинде ишке ашырылат.
“Лев Толстой, Төрөкул Айтматов жана Токтоналиев көчөлөрүндөгү ремонт иштери убактылуу токтоп калган. Азыр Лев Толстой көчөсүнүн Чолпон-Ата менен Оберон көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү кайра жасалып, эстакадалык көпүрөнүн чыгыш тарабында топурак таштала баштады” — деп жазылат маалыматта.