Кечээ, 27-мартта активист Нурлан Карымшаков жубайы менен Кыргызстандагы Россия элчилигинин алдына пикетке чыкканы үчүн милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Активисттин көтөргөн плаккаттарда “Путин – агрессор” деген жазуу болгон, ал эми экинчисинде “Бизге аскер базанын кереги жок, бомбанын кереги жок, жардыруунун кереги жок” деп жазылган экен. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова фейсбук баракчасына жазды. Билдирүүдө митингге чыккандарга 19 саат тамак бербей кармашкандары жазылган.