Президент Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Путиндин расмий жолугушуу аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн гимни ырдалып, мамлекеттик желектер илинди.
Өлкө башчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен учурашышты, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты. Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады
Андан соң эки мамлекет башчы тар курамдагы жолугушуу өтүүчү бөлмөгө бет алышты.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, таң эрте менен Бишкекке учуп келди. Эл аралык “Манас” аэропортунда Путинди Президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды