“Сүмөлөк- кыргыздын тамагы эмес. Ал Пакистандыкы”

324

“Байыркы кыргыздар Ноорузда сүмөлөк эмес, көжө тамагын жасашкан” деп билдирет “Дил Ордо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Орунбек Жаанбаев. Бул туралуу “Sputnik” жазды

Анын айтымында, сүмөлөк — кыргыздын тамагы эмес.

Чын-чынына келгенде сүмөлөк кыргыздардын тамагы эмес. Аны Пакистан, ирандыктар жасашкан. Байыркы кыргыздар Нооруз майрамында сүмөлөк эмес, улуттук тамак деп эсептелген көжө кайнатышкан. Ага озолон деген чөп кошулган, эт да салышкан. Озолон кошулган эт бузулбайт. Көжөнүн жасалышын, тарыхын кийинки муундарга үйрөтүшүбүз зарыл. Мисалы, грузин калкынын шишкебеги, уйгурлардын лагманы, өзбек элинин мактана турчу палоосу бар. Ал эми кыргыздар бешбармактан башка улуттук тамактарыбызды даңктай албай жатабыз”, — деди Жаанбаев.

Ал кыргыздардын байыркы тамагын көпчүлүк билбегени өкүнүчтүү экенин кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь