ЯКУТИЯ: Мигранттарга иштөөгө тыю салынды

248

Якутиядагы мигранттар айрым тармактарда иштей албайт. Бул буйрукка Якутиянын башчысы Айсен Николаев кол койду.

Ушул жылдан тартып, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Жалпысынан 33 тармакта иштөөгө тыю салынып, шаардык автоунааларды, такси жана жүк ташуучу унааларды айдоого мүмкүн эмес.

Мындай жагымсыз кырдаал 17-мартта орун алган окуяга байланыштуу болгону маалыматта айтылат. Кыргыз мигранты якут жаранын зордуктоого шектелип камакка алынган, анын эртеси Якутия шаарында мигранттарга каршы митинг уюштурулган.

Андан улам жергиликтүү бийлик тургундарга бул маселени чечип берүү абадасын берген

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь