Москвадагы Кыргыз коому Баткендин чек арада жашаган тургундарына жардам берди. Бул тууралуу “Марал” радиосу билдирди.
“KG — Рус” коомдук уюмунун жардамы Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу чек арадагы Таш-Тумшук айылынын тургундары үчүн топтолгон.
“Аталган жардам бүгүн жерине жеткирилип, айылдык Кеңештин депутаты Бакытбек Балтабаевге өткөрүлүп берилди” деп жазылат маалыматта