Баткендеги кыргыз-тажик чек ара ызы-чуусунда Ак – Сай, Таш – Тумшук айылында төрт күн окутуу процесси үзгүлтүккө учураган. Мындан улам билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “сабак өтүлгөн” жок деген негизде мугалимдердин төрт күндүк айлык маянасы кыркылган. Аталган айылдарда эмгектенген окутуучулардын орточо айлыгы 8-10 миң сомду түзөт экен. Эми бул төрт күндүк окуу программасын толуктоо үчүн апрель айында дем алыш күндөрү дагы окушат. Ошол айдагы калтырылган күндөрдүн эмгек акысы дагы апрелдикине кошулат. Бул боюнча Таш – Тумшук айылынын мектеп директору “министрлик ушундай чечкен биз эч нерсе кыла албайбыз” деп түшүндүрдү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь