Бишкектеги кафелердин мыйзамсыз жайкы аянтчалары түрттүрүлдү

354

Бишкек мэриясы шаар ичиндеги айрым кафелердин мыйзамсыз курулган жайкы аянтчаларын алып салды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Шашлычок”, “Алмаз”, “Шашлычный двор”, “Я люблю шашлык” кафелеринин жана “KIM PAB” рестобарынын жайкы жайлары түрттүрүлүп алдырылган. Ошондой эле жаңы салынып жаткан “Золотая бочка” кафесинин темирден жасалган каркасы ээлеген жер бошотулган.

Иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 7 миң 727 чарчы метр же 0,7727 гектар муниципалдык жер бошотулган.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы бул ишти муниципалдык жерди инвентаризациялоо максатында аткарып жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь