Кечээ Бишкектеги эмерек цехинен өрт чыгып, толугу менен саат 23.25те өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Матросов №1 дарегиндеги эмерек цехи күйүп жаткандыгы тууралуу билдирүү кечээ саат 18.55те түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 5 өрт өчүрүү эсеби тартылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.