Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн Өмүрбекова өзү SUPER.KG порталына тастыктаган.
“Мен билген маалымат боюнча, окуя “Ала-Арча” коругунда 26-мартта саат 17:00 чамасында болгон. Азырынча ал жол кырсыгына кайсы жерден кабылганын так сураганга чамабыз келбей жатат. Бул тууралуу мага саат 18:00дө жанында жүргөн кесиптеши чалып айтты. Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат”, – дейт Алтынай Өмүрбекова.
Нурлан Тургунбаев Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт.