Чамдаңыз! Декларацияны убагында тапшырбагандарга 1000 сом айып салынат

308

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу 1-апрелге чейин жүрөт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, түн ортосуна чейин иштешет. Ал эми 2-апрелде саат түнкү 12:00дө жеке тараптардан бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу токтойт.

Кимдер БСД тапшырууга милдеттүү:

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

Жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

Машина, турак жай, жер тилкеси, айыл чарбасына ээлик кылгандар.

Декларацияны убагында тапшырбагандарга 1000 сом айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 бирдиктүү номери аркылуу жана Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алсаңыз болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь