Жүрүп бара жаткан унаа өрттөнүп(ВИДЕО)

306

Жалал-Абад шаарынын чет жакасындагы Тайгараев айылында Daewoo Matiz унаасы жүрүп бараткан мезгилде өрттөнүп кеткен. “Sputnik Кыргызстан” агенттиги билдирди.


Маалыматка ылайык, окуя 28-март күнү Жалал-Абад — Казарман жолунда саат 17:30дар чамасында болгон.

Унаа жүрүп бараткан мезгилде электр зымдарынан учкун чыгып, ал тутанып кеткен. 21 жаштагы айдоочу унааны токтотуп, сыртка чыгууга ұлгүрүп, жабыркаган эмес. Бирок унаа менен кошо документтери күйүп кеткен

Унаа жүрүп бараткан мезгилде электр зымдарынан учкун чыгып, ал тутанып кеткен
Ал өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин автоунаа эвакуаторго жүктөлүп кеткендигин кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь