Ырчы Жоодарбешим өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жубайы менен түшкөн сүрөттү жарыялап, ага жылуу сезимдерин арнаган. Билдирүүдө
“Мен сени жасалмасыздыгын үчүн сүйөм, чачың, кашың, көзүң, сүйлөгөн сөзүң, эриндериң, жан дүйнөң баары өзүңдүкү, интернет үчүн эмес, мен учун жашагандайсың, Алллахыма шүгүр, рахмат, ыймандуу жанды насип кылды. Түбөлүк, кичинекейим мен сени тандадым, аял кылыш үчүн эле эмес сени бир өмүр коргоп, үшүсөң жылытыш үчүн, ысысаң көлөкөң болуш үчүн, анан ушундай таттуу сезимдер менен бул өмүрдү татыктуу жашап, канымдан жаралган карегимдей кымбат балдарымды, артыбызга ыйык Mекенибизге калтырыш үчүн үйлөндүм сага. Кудайым ыраазы болсун жаным, мен ыраазымын”, -деп жазылган.
Эске салсак, Жоодарбешим Аксаана аттуу кызга баш кошуп эки жаш 2018-жылы кыздуу болушкан.