Касым-Жомарт Токаев алгачкы расмий сапарын Россиядан баштайт

211

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапарын Россиядан баштайт. Ал 3-апрелде Россияга барып президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот.

Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь