Конуштардын жашоочулары үчүн жаңы сейил багы ачылат

210

Бишкектиктер жана калаа коноктору үчүн жаңы сейил багы жасалат. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Анкара — Виноградная көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты жашылдандыруу иштерин баштады. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашты. Жакында Кара-Жыгач менен Алтын-Ордо-1, 2 жаңы конуштарынын жашоочулары эс алып, сейилдей турган скверлүү болушат.

Жаңы жайдын аянты 15 000 чарчы метрди түзөт. Мини-парктын ичинде бактар сакталып, кээ бирлери буталып, эми гүл, бадал, жазы жалбырактуу бактарды отургузуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, сейил бактын ичине газон чөбү эгилип, таштанды челектери менен отургучтар орнотулат.

Жашылдандыруу үчүн арыктар казылып, алардын таманына таштар төшөлүүдө. Буга кошумча көрк берүүчү ар кыл архитектуралык фигуралар коюлат.

Бул быйылкы жылдын эсебинен жасалып жаткан биринчи сквер. Буга чейин 9 сквер менен 2 бульвар жашылдандырылып, жасалгаланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь