Ушул тапта бул долбоорду дагы да тереӊден изилдеп чыгуу үчүн Россия-Кыргызстан биргеликте атайын техникалык экономикалык негиздемеге кол коюлганын Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов журналисттерге билдирди.
Анын айтуусунда, эки тараптуу документтин алкагында темир жолдун узундугу, канча көлөмдө каражат кетээри жана анын бүтүрүү убактысынан бери карап чыгышат. Аталган документ ушул жылдын соӊуна чейин иштелип бүтөт.
Министр ошондой эле ”Түндүк-Түштүк Темир жолу кен байлыктар жайгашкан аймактар аркылуу өтөт, мында жүк ташуунун чоң потенциалы бар. Азырынча сандар тууралуу айта албайм, бирок баалардын төмөн болуусун жана долбоор мыкты сапатта жүзөгө ашырылышын сунуштап жатабыз” – деди.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолунун транзит бөлүгү боюнча маршруттарды да сунуштап жатканы кабарланып, бул көп тараптуу документ, андыктан бүткөн документти күтө туруу зарылдыгын билдирди министр мырза