Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда учурда жүк ташуучу 140тай автоунаа Казакстанга кире албай токтоп турат. Бул тууралуу Спутник жазды
Чек ара кызматынан билдиришкендей, Казакстан өлкө ичине аткезчилик менен алып келинип жаткан товарларды текшерип, алдын алуу иштерин жүргүзүп жаткандыктан чек арада фуралардын кезеги көбөйүп кеткен. Өзгөчө айыл чарба продукциялары менен күнүмдүк колдоно турчу товарлар дыкат текшерилүүдө.
Чек ара кызматы мындай текшерүү качанкыга чейин уланарын так билбей турганын билдирип, Кыргызстан тарапты алдын ала кабардар кылбай, казак чек арачылары “бүгүнтөн тарта ушундай текшерүү болот” деп эле айтып коюшканын айтты.
Автоунаалардын тыгыны бир гана “Ак тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда болуп жатканы, калган башка көзөмөл өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштеп жатканы кошумчаланды.