Кыргыз-казак чек арасында жүздөн ашуун фура кезекте турат

130

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларында абал кайрадан өзгөрүп, жүк ташуучу унаалар тизилип, кезекте турат. “Ак тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда учурда жүк ташуучу 140тай автоунаа Казакстанга кире албай токтоп турат.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

“Учурда “Ак тилек” көзөмөл жайында чек арачылардан тышкары фитосанитария, салыкчылар да турат. Алар ар бир машинаны 15-20 мүнөт текшерип жатышат. Андан сырткары, Казакстандын киргизген талаптарына жооп бербеген автоунаалар кайра кайтарылууда. Ал машиналар Кыргызстанга кетпестен көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында турат. Ошондуктан ал жерде ушундай көп машина чогулуп калды”, — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын себеби, казак тарап унааларды текшерүү үчүн кошумча чек ара бекетин орноткондугунда. Мындай абал эки жумадан бери байкалууда

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь