“Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышкандар 500 доллардан гонорар алат

359

 

Сауд Аравияда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышкан ар бир катышуучуга 500 доллардан гонорар төлөнөт. Ал эми спорттук жана маданий бөлүктөрдүн байге фондусуна 200 миң доллар бөлүнгөн. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Дүйнөлүк этнооюндар федерациясынын президенти Аскат Акибаев спутник.Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.  “Биз 10 күн гана оюн көрсөттүк. Уюштуруучу болгон Сауд Аравиянын Camel Club уюму фестивалды бир ай бою өткөрүп бергиле деп жатат. Кызыгуусу жаралып, катышуучуларды дагы 5 миңден 8 миңге чейин жеткирүүгө кызыктырууда. Келишимдин баасы да жогорулайт. Бизге кайрылганда бир жарым айда 30 өлкөнү чакырып бере аласыңарбы деген. Натыйжада биз 104 мамлекеттин өнөрпоздорун чогултуп бере алдык”, — деди Акибаев.

Ааталган фестивалын өткөргөн долбоорду өнүктүрүү боюнча Сауд Аравиясы менен 10 жылга келишим түзүлгөн. Аскат Акибаевдин айтымында, кыргыздардын оюн-зоогу жөн гана демонстрациялык иш-чара болду. Мындан ары дагы чоң долбоорлор ишке кирет.

Camel Fest фестивалы 9-23-март күндөрү Эр-Рияд шаарында өттү. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөрүн тартуулаган. Ага 2000дей кыргызстандык катышып, “Көчмөндөр ааламы” деп аталган этнофестивалын көрсөтүштү

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь