Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата жазылган арыздын негизинде ачылган иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдады. Ага ылайык, арызды Максат Чегирткеев аттуу жаран жазган. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин социалдык тармактарда Ниязовдун үстүнөн жазылган Максат Чегирткеевдин арызы деген кат да тараган. Анда аталган жаран 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгон жарандардын жана алардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Фарид Ниязовду жана анын мүчөлөрүн жоопко тартууну өтүнгөнү жазылып турат.

Чегирткеев өзү апрель окуясынын катышуучусу экенин, анын дарылануусуна Саламаттык сактоо министрлиги бөлгөн 200 миң сомду Ниязов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кайтарып салганын белгилеген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 77