Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого 100 млн. доллар бөлүнөт

397

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо үчүн 100 миллион доллар бөлөт. Маалыматтарга ылайык, банк берип жаткан каржылык жардамдын 60 миллион доллары насыя түрүндө, 40 миллион доллары грант ирэтинде болот.

Азия өнүктүрүү банкынын энергетика боюнча башкы адиси Сохаил Хасни Кыргызстан жылына дээрлик 150 терраватт-саат таза электр энергиясын чыгарууга дарамети бар экендигин айтат. Бирок, учурда ал, бул көлөмдүн 10%га жакынын гана өндүрүп жатат. Үч-Коргон ГЭСинде иштер аяктагандан кийин 20%га көп электр энергия чыгара баштайт деген үмүттөрүн билдирди.

Үч-Коргон — Нарын каскадындагы алты ГЭСтин эң эскиси. Аталган гидроэлектрстанция 1962-жылы колдонууга берилип, андан бери модернизацияланган эмес. Жаңыланган ГЭСтин кубаттуулугу 180 мегаваттан 216 мегаваттка чейин көбөйөт. Ошондой эле болоттон жасалган гидротехникалык курулуштар менен плотина бекемделип, чогулуп калган калдыктар тазаланат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь