15 жаштагы кызды коркутуп анан телефонун жула качкан

259

Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарында 15 жаштагы кыздын телефонун жула качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнан маалымдады.

окуя ушул 12-мартта Кызыл-Кыя шаарынын Солнышко жана Жусубалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 25-30 жаш курактагы белгисиз адам 15 жаштагы кызды коркутуп, колундагы «Galaxy J5» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, качып кеткен.

Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан жүргүзгөн «Разбойник» операциясынын жүрүшүндө шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы Х. А. аттуу тургуну кармалды. Азыркы учурда бул кылмыш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь