Казакстандын Алматы шаарында 2 жашар кызды иттер талап өлтүрүшту. Наристе дарыгер келгенге чейин көз жумду. Бул боюнча “Tengrinews.kz” маалымат агенттиги жазды.
Андагы маалыматка таянсак, окуя Курылысшы районунда орун алган. Кызга өз үйүндөгү ротвейлер тукумундагы 2 ит кол салган. Жыйынтыгында бөбөктүн баш сөөгү сынып, денесинин дээрлик бардык жерин ит тиштеп салган.
Учурда жаныбарлар атайын ит-мышыктарды кармоо жайына киргизилген. Мындай окуя Алматыда биринчи жолу катталып жаткан жок деп жазылат маалыматта