8 миң абонент жарыксыз калды

194

Бүгүн 29-мартта «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун автоматтык системасы электр энергиясына болгон карызын убагында төлөбөгөнү үчүн Бишкек шаарындагы 8 миң абоненттин жарыгын дистанциондук түрдө өчүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.  Эгер абоненттер карызын “Түндүкэлектр” ишканасына келип же терминалдардан төлөсө аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилет.

Мекеме карызкорлорду буга чейин үч күн мурда эскерткен. Алардын карызы 12,5 миллион сомдон ашып кеткен.

Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» терминалдарында, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарында, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» жана «Кыргызпочтасында» кабыл алынууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь