Аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош автоунаа жолу убактылуу жабылат.
Жол “Сосновка” постунан, Өтмөк ашуусунан саат 18:00дөн 31-март саат 06:00гө чейин, ал эми “Арал” постунан 19:00дөн 31-март саат 6:00гө чейин тосулат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек-Ош автоунаа жолунда мезгил-мезгили менен туман түшүп, кээ бир участкаларда таш кулоо коркунучу жаралганын билдирди.
Министрлик андыктан, айдоочуларды сапарга чыкпоого, эгер өзгөчө кырдаалдар болсо 112 кызматына кайрылууга чакырат.