“Замандаш” партиясы Токмок шаарынын тургундары менен жолукту(ВИДЕО,Сүрөт)

337

Бүгүн, 30-мартта Токмок шаарында «Замандаш» саясий партиясы жергиликтүү тургундарга «Келечек 4.0» программасын тааныштырды.

Партиянын лидери Жеңишбек Молдокматов жергиликтүү тургундарга кайрылып, партия эмне иштер менен алек болуп жаткандыгын айтып, келечекке багытталган программасын түшүндүрдү

Шайлоо жакындаганда эле партиялар активдешип, мектеп бала бакча салып беребиз деп убада кылышат. Бирок мунун бардыгы партиянын негизги иши деп саналбайт. Партиянын максаты – саясий реформа кылууга багытталат. Андыктан кийинки парламенттик шайлоодо акчанын эмес, идеянын, программалардын курошу болсун деген чакырык таштады.

Жергиликтүү эл Молдокматов эн туура маселе көтөрүп жатканын билдиришти.
Жыйынтыгында тургундар партиянын программасын колдоого алып, бардык жерде сүрөп, жардам беришээрин айтышты.

Бул маалымат жарнамалык негизде даярдалды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь