Кош бойлуу кезинде чылымды таштабаган келиндердин жарыкка келген кыздары келечекте балалуу болбой калышы мүмкүн. Бул туралуу “Спутник” агенттиги жазды
Адистер чылым чеккен 65 миң аялды сурамжылап көргөн. Ар бир 10 келиндин ичинен эки-үчөө боюнда болгон кезде дагы никотинден баш тарта албай койгонун айткан.
Мындан улам окумуштуулар бул адат канчалык кооптуу экенин аялдарга башка ракурстан түшүндүрүү үчүн дагы бир жаңы иликтөө жүргүзүшкөн.
“Бул жолу чындап эле чылымдын өтө кооптуу кесепетин таба алдык. Ичинде түйүлдүк бар кезде түтүн жуткан энелер келечектеги кыздарын тукумсуз калтырышы мүмкүн. Көрсө курсактагы түйүлдүк никотинге ууланса, жатын органдары жакшы өрчүбөй калат экен”, — деп түшүндүрүштү адистер.
Буга чейин АКШлык окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, кош бойлуу кезде чылымды таштабаган аялдардын балдары төрөлгөндөн кийин капилет чарчап калуу коркунучунда болорун аныкташкан.