30-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматында мындай аба ырайы дээрлик 5 күн сакталат.
31-мартта болсо түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-мартта күндүз жана 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкусүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми 4-5-апрелдерде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.