Памирлик кыргыздар үй курууга жер сурашты

150

Нарында жашап жатышкан памирлик кыргыздар депутаттардан “Кандай жерден болбосун үй курууга жер берилсе болот эле” деп суранышкан. Бул боюнча “Кыргыз туусу” гезитин расмий сайты жазды.

Маалыматка ылайык, алар батирден-батирге көчүп жүрүудөн кыйналышкан. Андан тышкары, памирлик кыргыздарга кесиптик билим берилгени менен, аны тастыктоочу сертификат тапшырылбай жатканы маселе жаратууда.

Белгилей кетсек, учурда 11 памирлик үй-бүлө Нарында жашап жатат

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь