1-апрелге карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 223 жүк ташуучу унаа кезекте турат.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 31-март күнү саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин чек арадан 158 фура өткөн. Алардын 84түндө күнүмдүк колдонуучу азык-түлүктөр болсо, 74 машина бош болгон.
Андан сырткары, Таластагы “Чоң-Капка” пунктунда учурда 60-70 жеңил машина жана жүк ташуучу 25-30га жакын автоунаа токтоп турат.
“Казастандын көзөмөл жайларында жүргүзүлгөн дыкат текшерүү унаалардын кезек күтүп калуусуна себеп болууда”, – деп кабарлашты чек ара кызматынан.
“Акжол”, “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.