Кечээ, 31-мартта Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа ала салып кетти. Бул тууралуу «Репортер» билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган киши Жумгал районунун Байзак айылынын 55 жаштагы тургуну А.Муратбек болгон. Ал көп жылдан бери күйүүчү май ташып иштеп келген. Ал кечээ Жалал-Абадга бара жаткан.
Маркумдун кызы М.Айдайдын айтымында, атасы кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаасынан чыгып, жолдон жеңил унаа тоскон. Бул унаа менен Токтогулдагы ооруканага бара жатканда жеңил унаа да жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен А.Муратбек каза болуп калган.
«Кырсыкка кабылган оор жүк тартуучу унаадан чыгып, жолдон жеңил унаа тосуптур. Ал унаанын ичиндегилер атамды Токтогулдагы ооруканага алып барып жатканда, 500 метр жерден кийин эле “Степвагон” унаасы жолдон чыгып, тоголонуп кеткен экен. “Степвагондогу” жабыр тарткан жүргүнчүлөрдү тез жардам келип алып кеткен. Бирок тез жардам кызматынын унаасы жолдон бузулуп, атам ооруканага жетпей көз жумуптур.” деп билдирген кызы