Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматында, Сооронбай Жээнбеков Бишкекте М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын ачылышын жеке көзөмөлгө алды.
Белгилей кетсек, Бишкекте 27-март күнү Кыргызстан жана Россия ректорлорунун форуму өтүп, Ломоносов атындагы ММУнун ректору Виктор Садовничий университеттин филлиалын Бишкекте ачууга алты жолу макулдугун бергендигин билдирип “Жыйынтык болгон жок. Бул Москванын күнөөсү эмес”, – деп кошумчалаган.
Сыдыков билдиргендей, “форумдун алкагында аталган университеттин филиалын Бишкекте ачуу боюнча макулдашуу болгон. Сооронбай Жээнбеков ал маселени өз көзөмөлүнө алган”