Валентина Шевченко Кыргызстанга качан келери белгилүү болду (видео)

248

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко 7-апрелде Бишкекке келет. Кыргызстандын Кулатуу эр-таймаш федерациясы (WEF) Instagram баркчысына спортчу кыздын “Кыргызстанга жакында барам” деген видеосун жүктөдү.

“Урматтуу, достор! Мен сиздер менен кубанычтуу кабарды бөлүшкөнү турам. Мен Бишкекке барам. Жакында көрүшөбүз!” — деп айткан Шевченко.

Спортчуну тосуп алуу жана башка жолугушууларды Кулатуу эр-таймаш федерациясы уюштура турганы белгилүү болду. Анын алкагында Спорт сарайында күйөрмандар менен жолугушуу болот, ЖМКлар үчүн маалымат жыйын өткөрөт.

Эске сала кетсек, былтыр 8-декабрда Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти UFC 231 турниринин алкагында утуп, жеңил салмактагы чемпион болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь