Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган кино жумалык башталды

443

Белгилүү кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган кино жумалык өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кино жумалык 1-апрелден 5-апрелге чейинки аралыкта Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек шаарындагы Кино үйүндө өтөт.
1-апрель, саат 13.00 — “Арман”
2-апрель, саат 15.00 – “Махабат дастаны”
3-апрель, саат 15.00 – “Түркүн тагдырлар”
4-апрель, саат 15.00 – “Акбаранын көз жашы”
5-апрель, саат 15.00 — “Арман”.

Буга чейин Өкмөт Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгынын алкагында ал тарткан тасмалардын жумалыгын уюштуруу боюнча парламенттен сунуштар түшкөн.

Жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз эл баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Быйыл 80ге чыкмак. Ал 70тей даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин жана 700дөй публицистикалык макаланын автору

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь