Дүйнөдөгү эң кымбат картина жоголду

241

Леонардо да Винчинин дүйнөдөгү эң кымбат “ааламдын куткаруучусу”( «Salvator Mundi») аттуу картинасы жоголду. Аталган картина 2017-жылы Абу-Дабинин маданият департаментине 450 миллион долларга сатылган.

Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, картина Бириккен Араб Эмиратында жоголгон. Анда ал Абу-Дабидеги Лувр музейинин филиалына өткөн жылдын сентябрь айында коюлушу керек эле. Бирок шаар бийлиги картина эмнеге коюлбаганын ачыктоодон баш тартышкан.

Ал эми картина кайда экендигин Париждеги да, Абу-Дабидеги да музейдин жетекчилиги билишпейт.
Учурда эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын орус басылмасы жазды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь