“Жеңиш Разаков тыңчы эмес”-УКМК

417

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет өлкөлүк тыңчы деген маалыматын төгүндөдү.

Билдирмеге ылайык, Жеңиш Разаков тууралуу социалдык тармакта тараган маалыматтар боюнча сотко чейинки иликтөө иши жүргүзүлгөн. Натыйжасында Разаков башка өлкөнүн чалгындоосуна тиешеси жок экени аныкталган.

Эске салсак, буга чейин кыргыз өкмөтү Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүү анык эмес деген маалымат таратып, УКМК дагы өз баасын берет, деп кабарланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь