Кыргыз-Казак чек ара маселесин ким чечет?

290

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон. Акыркы 2 күн аралыгында унаалардын саны кескин көбөйүп кеткендиктен ал жерде унаа тыгыны пайда болгон. Учурда 200 дөн ашуун унаа кезек күтүп турушат.

КР Айыл-Чарба тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин директорунун орун басары Алгынбай Имаров Элдик Медиа парталына билдиргендей, кезекте турган жүк ташуучу унаалардын ичинен 20, 30 дайы гана азык-түлүк ташып бара жаткан унаалар. Калган дээрлик көпчүлүк бөлүгү жеңил өнөр-жай товарлары жана техникалык каражаттарын жүктөлгөн унаалар. Жер жемиштерге болгон тиешелүү документтери жайында болгондуктан чек арадан кезексиз өтүшүүдө.

Чек ара бекетинде артка кайтарылган айрым автоунаалар кетпестен, кайра эле катарга тизилип, кырдаалдын оң жагына чечилип калышынан үмүттөнүп, кетпей турушат. Чек ара кызматкерлери айдоочулардан тыгын жаратпай артка кетүүнү суранып жатат. 20-31 чек ара кызматынын командири Бакытбек Жангазиев чек ара тараптан эч кандай маселе жок экендигин маалымдады. Чек арачылар унаанын айдоочусунун күбөлүгүн жана уруксаат кагаздарын гана текшерип жүктөрүн тинтип карап, текшерүү алардын иши эмес экендигин айтты.

Бүгүн, 1-апрелде Казакстандын Финансы министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу түшүндүрмө берди. Анын маалыматына ылайык, чек арада жүк ташуучу автоунаалардын өтө албай турганына алардын текшерүүдөн өтүүгө каршы чыгып жатканы себеп болууда дешүүдө. кыргызстан тараптан Фитосанитария боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп 4 көзөмөл пункттарында азык-түлүк жана жер- жемиштерди текшерүү иштерине көзөмөл кылышууда.
Белгилей кетсек бугу чейин, текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.

Ишкерлерди иренжиткен Кыргыз-Казак чек арасы

Опубликовано Eldik.Media Понедельник, 1 апреля 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь