Мадумаров Баткенге губернатор болот

218

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматтан кетти. Ордуна Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Акрам Мадумаров барат. Бул тууралуу өкмөттүн жеке булактарына таянып “марал” сайты жазды.

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Акрам Мадумаровду жаңы жамаатка тааныштыруу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.

Эскерте кетсек, Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 2016-жылы дайындалган. Ал эми Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына 2017-жылдын сентябрында келген. Ал Кадамжай районунун акими кызматын да аркалаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь