«Мансон Групп» «Макмал» алтын кенин иштетүүгө 75 млн долларынан ашуун инвестиция салат

241

«Мансон Групп» компаниясы Макмал алтын кенин иштетүүгө 75 миллион долларга жакын инвестиция салат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
«Кыргызалтын» менен «Мансон Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык келишимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык «Кыргызалтындын» үлүшү 30% түзөт, ал эми «Мансон Групптун» үлүшү 70% болот.

Инвестициялык келишимге ылайык, инвестор өзүнүн каражаттарынын эсебинен геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктарын эске алуу менен 75 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо жүргүзөт. Бул инвестициялык келишимди ишке ашыруу комбинатка 800 адамды ишке орноштурууга жана Тогуз-Торо районунун 1315 жашоочусун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыздоону шарттайт.

Өкмөт башчы мамлекеттик компетенттүү органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бардык зарыл колдоону көрсөтүүнү, анын ичинде Тогуз-Торо районунда коомдук угууларды өткөрүүнү жана комбинаттын ишмердигин жандандыруу процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо максаттарында жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

32 жыл бою иштеген алтын иштетүүчү комбинат 2018-жылдын сентябрынан баштап ишин токтоткон. Буга жабдуулардын эскиргени жана алтын өндүрүү азайганы себеп болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь