Фейсбук колдонуучусу Максатбек Мергенбаевич соттор тууралуу кызыктуу билдирүу жазды. Анда ал Ош облусундагы судьялардын бири кызматтан кетип жатканын айтып, себебин дагы түшүндүрүп өттү
Мергенбаевдин айтымында Соттордун иштен кетүүсүнө сьезддеги сөздөрдүн таасири түрткү болуусу мүмкүн.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан сотторунун XI съездинде судьялар тууралуу хадиске токтолуп:
“Пайгамбар соттордун үч түрү болот, алардын экөө тозокко түшсө, бири бейишке чыгат деп айткан”.”Адилет соттун орду бейиште. Ал эми чындыкты билбей туруп же билсе да адилетсиз чечим чыгаргандар дароо тозокко түшөт”, — деп мисал келтирди президент