31-мартта Украинада өткөн президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петр Порошенко алдыга озуп чыкты. Алар президенттик шайлоонун экинчи туруна катышышат. Зеленскийге шайлоочулардын 30,7 %ы добуш берсе, Порошенко 18,6 % добушка ээ болгон. Ал эми “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко 14,2 пайыздай добуш ала алды.
Шайлоонун расмий жыйындыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Топтогон добуштары боюнча биринчи жана экинчи орунду алган талапкерлер 21-апрелде экинчи турга катышат. Анын жыйынтыгы 1-майга чейин белгилүү болот.
Өлкө башчылыгына рекорддук сандагы 39 талапкер ат салышты. Украина президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат.