“Учурда “Ак-Тилек” бекетинде 275 автоунаа токтоп турат” бул боюнча чек ара кызматынын өкүлү Азамат Анарбаев билдирди.
“Эмне үчүн Казакстан тарап жүктөргө тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканы белгисиз. Алар менен сүйлөшүү мүмкүн болуп жаткан жок. Мурда деле ушул документтер менен өтүп келишкен. Көбүнчө Кытайдан келген товарларды чек арадан өткөрбөй жатат. Ал эми Кыргызстандын өндүрүмдөрү өткөрүлүүүдө”деп кошумчалайт Азамат Анарбаев
Маалыматка ылайык ушул күнгө чейин чек арадан 158дей жүк ташуучу унаалар өткөрүлгөн. Ал эми мурда 1 күндө 300дөн ашуун автоунаа эч кыйынчылыксыз өтүп келген.
Учурда кезекте турган унаанын айдоочуларынын айтымында бекетте 1 жумадан бери турушат. Эч ким эмнеге өткөрбөй жатканы тууралуу маалымат берип жаткан жок деп билдиришет.