Чек арада жаралган кырдаалга Казакстан түшүндүрмө берди

344

Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик киреше департаменти берген маалыматка караганда, кыргыз-казак чек арасында фуралардын кармалып турушуна жүк ташуучу унаалардын текшерүүдөн өтүүгө каршы болгондору себеп.

Маалыматка ылайык, «27-марттан баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» өткөрмө бекетинде кытайлык жана түркиялык товарларды ташып бараткан 9 транспорттук автоунаа текшерүүдөн өткөрүлүп, бирок алардын баарынын товарды коштогон документтеринде туура эмес маалымат көрсөтүлгөн. 27-марттан бери 40 жүк ташуучу автоунаа өз ыктыяры менен документтерин тууралап келүү максатында кайра артка кайткан. Ошол эле учурда кыргызстандык товарлардын баары визуалдык текшерүүдөн өтүп, алардан эч кандай эреже бузуу байкалган эмес»

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь