2019-жылдын март айларында «Манас-аэропорту»көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкери Кыргыз Республикасынын МЧКпрапорщиги «М.Д.» Иран мамлекетинин 6 жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) базасына мыйзамсыз каттап, 900 АКШ доллар өлчөмүндө акча алып, алардын документтерине КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген.
УКМК чогултулткан материалдардын негизинде, Аскер прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 320- (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329- (кызматтык жасалмачылык) жана 329-беренесинде (пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардынбирдиктүү реестрине катталды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.