Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну 48 жаштагы бир тууган агасын балта менен башка чаап өлтүрдү деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Окуя 1-апрелге караган түнү болгон. Таңкы саат 4:00дөр чамасында милицияга ыкчам кабар келип түшкөн. Иликтөө тобу окуя болгон жерге барганда өз үйүндө башына бир нече жолу миздүү буюм менен сокку жеп өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылган.
Шектүү агасын балта менен уруп өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал жакында эле Россиядан келген. Арак көп ичкендиктен агасы ичимдикке тыюу салган. Мындан улам бир туугандардын ортосунда жаңжал чыккан.
Кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Маркумдун артында 1 уул менен 1 кызы калды.