Шамал батутту балдар менен кошо учуруп кетти (ВИДЕО)

271

Окуя болгон жерде жүргөндөр батутту шамал кантип учуруп кеткенин тартып алган. Жергиликтүү журналисттер анын ичинде балдар бар экендигин жазды.

Окуянын видеосу YouTube каналына жайгаштырылганын sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Кытайдагы Юйчэн шаарында торнадо батутту учуруп кетип, 18 бөбөк жабыркагандыгын CGTN телеканалы билдирген.

Окуя бир нече күн мурда, тагыраагы 31-мартта, болгон.

Балдарды батуттун ичинен алып чыгарышып, жаракат алгандыктан ооруканага жаткырышкан. Алардын абалы тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь